Өлкөнүн башкы туусу кайтаруусуз калды

© Sputnik / Табылды КадырбековСмена почетного караула Национальной гвардии на посту №1 на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Смена почетного караула Национальной гвардии на посту №1 на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтында саясий күчтөр менен Садыр Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылышуу башталган маалда Улуттук гвардиянын аскерлери мамлекеттин башкы желеги турган №1 постту таштап кетишти.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы өлкөнүн негизги туусу кайтаруусуз калды. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

"Аскер кийимчен эки адамдын коштоосунда желекти кайтарган Улуттук гвардиянын аскерлери мамлекеттин башкы желеги турган №1 постту таштап кетишти", — деди кабарчы.

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдына чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келди. Алгач биричи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытуулар башталган.

Ушул тапта аянтта эл суюла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0