Жээнбеков Бишкекке армия менен аскер техникасын киргизүүнү тапшырды

Жазылуу
Ушул тапта "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтары турат. Буга чейин трибунада турган саясий күчтөрдүн кайда экени белгисиз.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекке аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү киргизүүнү тапшырды.

Бүгүн, 9-октябрда, мамлекет башчы борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

"Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы өткөрүү пункттарын уюштуруу, куралдуу кагылышууларды басуу, мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин корголушун камсыз кылуу жана жарандарды коргоо үчүн аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү киргизсин", — деп айтылат жарлыкта.

Учурда Бишкекте митинг өтүп жатат. Алардын бири "Ала-Тоо" аянтына жакын жерде уюштурулган. Ага катышып жаткандар өлкөнүн укуктук талаага кайтышын, парламенттин премьер-министрди шайлашын жана уюшкан кылмыштуу тобу катышпаган бийликтин келишин талап кылышууда.

Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары саясатчынын премьер-министр болуп келишин колдогондор.

Жаңылыктар түрмөгү
0