Ошто Жээнбековду колдогондор бүгүн да митингге чыкты. Сүрөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПрезидент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышты
Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен жети аксакал шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кирип, митинг өткөрүүгө уруксат сурашкан. Бирок калаа башчысы эпидемиологиялык кырдаалды эскертип, юристтер менен кеңешерин айтып узаткан.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваМитинг в поддержку Сооронбая Жээнбекова на центральной площади города Ош, после беспорядков вызванных результатами парламентских выборов
Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышты
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМитинг в поддержку Сооронбая Жээнбекова на центральной площади города Ош, после беспорядков вызванных результатами парламентских выборов
Алар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин айтып, тынчтык митингин белгисиз мөөнөткө чейин уланта турганын билдирүүдө - Sputnik Кыргызстан
2/3
Алар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин айтып, тынчтык митингин белгисиз мөөнөткө чейин уланта турганын билдирүүдө
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМитинг в поддержку Сооронбая Жээнбекова на центральной площади города Ош, после беспорядков вызванных результатами парламентских выборов
Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда.
1/3
Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыгышты
2/3
Алар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин айтып, тынчтык митингин белгисиз мөөнөткө чейин уланта турганын билдирүүдө
3/3
Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда.

Алар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин айтып, тынчтык митингин белгисиз мөөнөткө чейин уланта турганын билдирүүдө. Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда.

Аянтка 200гө жакын адам чогулган. Саат 11.00дө алардын ичинен жети аксакал шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго кирип, митинг өткөрүүгө уруксат сурашкан.

Бирок калаа башчысы эпидемиологиялык кырдаалды эскертип, юристтер менен кеңешерин айтып узаткан.

Жээнбековго импичмент жарыялаш керекпи? Бабановдун пикири

Бирок, ага карабай, саат 12.20да элди жыйнап, микрофонду иштетип сүйлөй башташты.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-октябрда, ушундай митинг өтүп, 400гө чамалуу адам катышкан. Аянтта беш боз үй тигилсе, кайра кечинде экөөнү жыйнап кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0