Сооронкулова: революцияны кайсы бир партия эмес, эл жасады

© Фото / пресс-служба партии "Реформа""Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова. Архив
Реформа партиясынын лидери Клара Сооронкулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий партиянын лидери уюшкан кылмыштуу топтун жардамы менен бийликти басып алгысы келген саясий күчтөр болуп жатканын айткан.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өлкөдөгү революцияны кайсы бир партия эмес, эл жасады. Бул тууралуу "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, "Ата Мекен", "Реформа", "Республика" жана "Бир Бол" партиялары биригип, "Акыркы үмүт" меморандумуна кол коюшкан. Андан соң Бабановду премьер-министрликке көрсөтүшкөн. Биримдиктин мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйын өткөрдү.

Сооронкулова Кыргызстандагы саясий абал улам сайын курчуп баратканын белгиледи.

"Революцияга ээлек кылгандар болууда. Революцияны кайсы бир саясий күчтөр же партиялар эмес, эл жасады. Аны баарыбыз билип турабыз. Уюшкан кылмыштуу топтун жардамы менен бийликти басып алгысы келген саясий күчтөр болууда. Садыр Жапаровду премьерликке бекитерде айрым депутаттарды колтуктап алып келишти. Аларга басым болуп жатат", — деди Сооронкулова.

Өкмөт үйүнүн алдына Жапаровдун тарапташтары чогулууда. Сүрөт

Ал ошондой эле күч түзүмдөрүнөн жыйынга чогула турчу депутаттардын коопсуздугун камсыздап берүүнү өтүндү. Ошондой эле жыйын ачык жана мыйзамдуу болушун талап кылып, бул үчүн журналисттерге шарт түзүү керектигин айткан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0