Бүгүн Ошто абал кандай? Аймак боюнча тексттик баяндама, сүрөт, видео
Бүгүн Ошто абал кандай? Аймак боюнча тексттик баяндама, сүрөт, видео
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарында эки күндөн бери митинг болууда. Кечээ, 8-октябрда, 400гө чукул адам чогулуп, борбордук аянтка боз үй тигилип, алар... 09.10.2020, Sputnik Кыргызстан
парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, жаңылыктар, коом, кыргызстан, ош облусу, ош
парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, жаңылыктар, коом, кыргызстан, ош облусу, ош
Жазылуу
Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарында эки күндөн бери митинг болууда. Кечээ, 8-октябрда, 400гө чукул адам чогулуп, борбордук аянтка боз үй тигилип, алар президент Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан.
Эки күндөн бери облустун жетекчиси, шаар мэри улам алмашып, туруксуздук байкалган. Өлкөдөгү элдик толкундоо Кыргызстанда Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгынан кийин жаралды.
Учурда Ошто Sputnik Кыргызстандын кабарчылары иштеп жатат. Кырдаал боюнча абалды биздин баяндамадан билип турсаңыздар болот.
Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен кабарлады.
Аянтка 200гө жакын адам чогулган. Алар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин айтып, тынчтык митингин белгисиз мөөнөткө чейин уланта турганын билдирүүдө. Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда.
"Мэр кадимки ишин улантып жатканын айтты. Ал эми кайра шайлоо боюнча шаардык кеңештин жыйыны кворум жок болгондуктан өтпөй калган. Эгерде кворум болсо Сарыбашевди кайрдан кызматка шайлоо чечими кабыл алынат", - деп билдирди Sputnik кабарчысы Ош шаарынан.
12:13 09.10.2020
Бүгүн дагы бир топ адамдар тынчтыкка, ынтымакка чакырган митинг өткөрүүгө ниеттенип жаткандыгын билдиришти. Бул боюнча аксакалдар Таалайбек Сарыбашевге киришкен.
Мэр эпидемиологиялык кырдаалды, карантинди эскертип, митинг өткөрүүгө уруксат боюнча юристтерге кеңешерин айткан.