Милиция Бишкекте түн кандай өткөнүн айтты

Жазылуу
Милиция элдик кошуун менен биргеликте шаар аймагында коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоону улантып жатат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкекте абал тынч, түндө толкундоо жана талап-тоноочулук фактылар болгон жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Милиция кызматкерлери элдик кошуун менен биргеликте шаар аймагында коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо ишин улантып жатат.

Шаардагы мамлекеттик жана менчик имараттардын, мекемелердин баары бекем кайтарылууда. Стратегиялык маанилүү объектилер толук көзөмөлгө алынган.

Ушу тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0