Саламаттык сактоо министри медиктерди чыр-чатакка аралаштырбоого чакырды

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Архив
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал 5-октябрда, митингден кийинки ызы-чууда, медицина кызматкерлерине кол салуу болуп, Тез жардам кызматынын унаалары талкаланганын айтты.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын учурунда өлкөдө болуп жаткан чыр-чатактарга медиктерди, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүн аралаштырбоону өтүндү.

Ал 5-октябрда, митингден кийинки ызы-чууда, медицина кызматкерлерине кол салуу болуп, Тез жардам кызматынын унаалары талкаланганын айтып, тынчсызданганын кошумчалады.

Министр: Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетчүдөй

"Башаламандык учурунда Тез жардам кызматынын беш өкүлү жабыркап, алты автоунаасы талкаланды. Эки унааны тоноп кетишти. Биз бул техникаларды кыйынчылык менен алганбыз. Мындай башаламандыкта алар жарактан чыгып калып жатат. Бүгүн дагы жаңы 13 тез жардам унаасы келди. Аларды саламаттык сактоо мекемелерине бөлүштүрүп беребиз", — деди Абдикаримов.

Буга чейин министр Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетчүдөй болуп турганын айткан.

Эске салсак, өткөн суткада өлкөдө 245 кишиден коронавирус табылып, төрт адам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0