Министр: Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетчүдөй

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митинг
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдикаримовдун айтымында, өткөн суткада Бишкекте коронавирустун 77 жаңы учуру катталган. Мындай көрсөткүч 13-августтан бери аныктала элек болчу.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Азыркы тапта Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып кетчүдөй болуп турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн суткада Бишкекте коронавирустун 77 жаңы учуру катталган. Мындай көрсөткүч 13-августтан бери боло элек болчу.

"Сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын сезону башталды. Муну эске алганда ооруканаларда орундар жетпей, медиктерге күч келип калышы ыктымал. Андыктан ооруну алдын алуу ар бирибиздин өзүбүздөн көз каранды", — деди Абдикаримов.

Министрдин айтымында, башаламандыктын кесепетинен илдет жайылып кетүү коркунучунда турат.

"Өлкөдөгү кырдаалдан улам айрымдар облустардан шаарга келип, кайра айылга кетүүдө. Мындан улам оорунун тарап кетиши ыктымал. Санитардык талаптар сакталган жок. Суук да түштү, суук тийсе эле ал башка ооруларды козгойт. Мындан улам бардык жарандарды санитардык талаптарды, аралыкты сактоого, зарылдык жок болсо көчөгө чыкпоого чакырам", — деди министр.

Эске салсак, өткөн суткада өлкөдө 245 кишиден коронавирус табылып, төрт адам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0