Бажы кызматы штаттык режимде иштеп баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Государственной таможенной службы
Деятельность Государственной таможенной службы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Улуттук банк 8-октябрдан тарта өлкөдөгү бардык банктарды жана насыя берген компанияларды ишин жандантууга чакырган.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоштуруу кадимки режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 8-октябрдан тарта Кыргызстандагы банктар өз ишин жандандырды. Буга байланыштуу товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоштуруу иши да мурунку калыбына келген.

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен алардын ортосунда кагылышуу жаралып, 686 киши жабыркап, бир адам көз жумган.

Салык органдары штаттык режимде иштеп жатат

6-октябрь түндө Ак үй басып алынган. Өлкөдө болгон окуялардан улам айрым мамлекеттик жана жеке менчик ишкана, мекемелер ишин убактылуу токтоткон. Учурда өлкөдө саясий абал турукташа элек, бирок ага карабай айрымдары жумуштарын жанданта баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0