Салык органдары штаттык режимде иштеп жатат

© Фото / пресс-служба ГНСБишкектеги мамлекеттик салык кызматынын иши
Бишкектеги мамлекеттик салык кызматынын иши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19дун жайылышына бөгөт коюу максатында жарандарга тейлөөлөрдү Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинеттен" же салык органдарынын электрондук почтасы аркылуу алуу сунушталды.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Аймактык салык органдары ишин штаттык режимде улантышууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев жумушчу кеңешмеде билдиргенин ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка караганда, Салык кызматынын мүлкүн коргоо максатында борбордук аппаратта жана аймактык салык органдарында графиктин негизинде күнү-түнү нөөмөттө туруу уюштурулду.

"Салык кызматтары, анын ичинде отчетторду кабыл алуу процесстери кадимки режимде иштөөдө. Коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча зарыл болгон санитардык-гигиеналык чаралар күчөтүлдү", — дешти ведомстводон.

COVID-19 илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында жарандарга тейлөөлөрдү Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинеттен" же салык органдарынын электрондук почтасы аркылуу алуу сунушталды.

Салык маселелери боюнча маалыматтарды 116 номеринен алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0