Кыргыз эли жол таап кетерине ишенебиз. Казакстан митингдер боюнча үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары
Ала-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу Казакстандын бийлиги биринчилерден болуп Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаал боюнча билдирүү таратты.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Казак бийлиги Кыргызстандагы кырдаал боюнча өз пикирин билдирди. Бул тууралуу Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Уалиге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

"Кыргызстанда болуп жаткан окуялар мамлекеттин өзүнүн ички иши. Казакстан бир тууган кыргыз эли менен достук мамилесин жана стратегиялык кызматташтыгын жогору баалайт. Коңшу өлкөдө абал тез арада турукташып, бардыгы мыйзам чегинде чечилет деп үмүт кылабыз", — деди Уали өзүнүн Facebook баракчасында.

Президенттин маалымат катчысы, мындан тышкары, кыргыз эли түзүлгөн оор кырдаалда жол таап кетерине ишеним артты.

Бишкектеги митинг

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңда митигчилер Ак үйдү алышты.

Эртең менен президент Жээнбеков митинг уюштурган күчтөрдү маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0