Коронавирус: 164 кишиден оору табылса, 123 бейтап сакайды

© AFP / MARK FELIXМедициналык кызматкер коронавируска тапшырылган кан үлгүсү менен
Медициналык кызматкер коронавируска тапшырылган кан үлгүсү менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мартта башталган пандемиядан бери оору 47 миңден ашык кишиде аныкталып, анан дээрлик көбү айыкты. Акыркы жумаларда вируска чалдыккандардын саны өсүүдө.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткадагы маалымат боюнча, коронавирустан 123 киши сакайып, ал эми 164 адам ооруну жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 8;
  • Ош шаары — 4;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ош облусу — 41;
  • Нарын облусу — 2;
  • Талас облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 12;
  • Жалал-Абад облусу — 29;
  • Баткен облусу — 18.

Адис коронавирустун жаңы белгисиз кесепеттери тууралуу билдирди

Бир сутка ичинде коронавирус төмөнкү жактарда катталды:

  • Бишкек — 20;
  • Ош — 22;
  • Чүй облусу — 19;
  • Ош облусу — 9;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 21;
  • Баткен облусу — 59.

Учурда стационарда 1 195 бейтап, ал эми амбулатордук түрдө 1 439 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда жалпысынан 47 799 кишиден коронавирус табылып, анын 43 644ү айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0