Ак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

© Sputnik / Эламан КарымшаковБеспорядки в Бишкеке после окончания парламентских выборов
Беспорядки в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тилсиз жоо менен кармашууга жалпы жети бөлүм тартылган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, өрт саат 07:49да чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тилсиз жоо менен кармашууга жалпы жети бөлүм тартылган.

Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр эл чогултуп, буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен. Бирок түнкү саат 02.00дө митингчилер Ак үйдү басып алды. Таңга жуук саат 06.00дөрдө 4-кабаттан өрт чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0