Соцтармактагылар тургундарды Бишкекти чогуу тазалоого чакырып жатышат

© Sputnik / Акылбек БатырбековБеспорядки в Бишкеке после окончания парламентских выборов
Беспорядки в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингден кийин шаарда отургучтар талкаланып, калаанын борбордук бөлүгү таштандыга толуп калган.

БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары тургундарды Бишкекти чогуу тазалоого чакырып жатат.

Эске салсак, 5-октябрь күнү борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, андан соң күч органдары митингчилерди аянттан сүрүп чыгарган. Бирок эл кайра кайрылып келип, акыры Ак үйдү алышты

Митингден кийин шаарда отургучтар талкаланып, калаанын борбордук бөлүгү таштандыга толуп калган.

Социалдык тармактын колдонуучулары митингден кийин Бишкекте калган таштандыларды тазалоого чакыра баштады.

Шаарды тазалоого үндөгөндөрдүн арасында алып баруучу, актриса Назира Айтбекова бар.

Көбү "Ала Тоо" аянтын тазалоого үндөөдө.

Борбор калааны тазалоого чакыргандардын арасында Ольга Труханова аттуу колдонуучу дагы бар.

Ырчы Кайрат Примбердиев да тургундарды аянтты тазалоого чогуу чыгууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0