Мэрия: Бишкекте 2-6-класстар үчүн окуу процесси белгисиз убакытка жылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектеп. Архив
Мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымына таянып, 6-октябрда окуу процесси жанданарын кабарлаган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында 2-6-класстар үчүн окуу процесси белгисиз убакытка жылдырылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Мира Курманова калаадагы мектептер 6-октябрдан баштап 2-6-класстарды кабыл албай турганын айткан.

Бирок айрым ЖМКлар вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымына таянып, 6-октябрда окуу процесси жанданарын кабарлаган.

Мэрия медиктердин сунушу эске алынып, 6-октябрдан баштап 2-6-класстар окубай турганын маалымдады.

"Окуу процесси белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Окуучулар ага чейин аралыктан билим алышат. Калаадагы эпидемиологиялык абалга көз салып турабыз", — деп айтылат билдирмеде.

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Мира Курманова 1-класстар мектепте окуусун уланта турганын айткан.

Боронов: мектептин ичи муздак болсо, жылытылганга чейин окуучулар киргизилбейт

6-октябрдан тарта Кыргызстандын башка аймактарында эпидемиологиялык абалга карабай, 2-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштаарын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.

Эске салсак, 6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштаары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0