Митингчилер Алмазбек Атамбаевди УКМКдан алып чыгышты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБывший президент КР Алмазбек Атамбаев
Бывший президент КР Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган.

БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Митингчилер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары жеринен кабарлашты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Жалпысынан Атамбаев сегиз эпизод менен шектелүүдө. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адамдын дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

Атамбаевден тышкары Кой-Таш окуясы боюнча анын тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев жана Нооруз Капарбек уулу кармалган.

Митингчилер Кадыр Атамбаевди Ак үйдүн ичине алып кирип кетишти. Видео

ЖК депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева үй камагында.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митинг уюштуруп, 6-октябрга караган түнү саат 3төр чамасында Ак үйдү басып алышты.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0