Бишкекте үч ири уюлдук байланыш компаниясы иштебей калды

© Sputnik / Табылды КадырбековСим-карта на мобильном телефоне
Сим-карта на мобильном телефоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюлдук байланыш кызматтары сүйлөшүүдө жана интернетке кирүүдө мүчүлүштүк кеткенин моюндап, ыңгайсыздык үчүн колдонуучулардан кечирим сурады.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте Megacom, О жана Beeline уюлдук байланыштары иштебей калды.

Мындай билдирүүлөрдү социалдык тармактар аркылуу колдонуучулар жазышууда. Алардын айтымында, үч компаниянын тең кызматы аркылуу сүйлөшүүгө жана интернетке кирүүгө мүмкүн болбой жатат.

Бул боюнча MegaCom компаниясы Twitter аркылуу үн катып, байланышты калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айткан.

​"Байланышты өчүрүү үчүн буйрук келбегенин расмий кабарлайбыз! Азыркы кырдаалга байланыштуу эл көп топтолгондуктан, Бишкектеги байланышка күч келип кетти. Учурда MegaCom компаниясынын техникалык адистери көйгөйдү чечүү үчүн бардык аракетин көрүп жатат. Аз-аздан байланыш калыбына келип жатат", — деп жазган компания.

Ошондой эле көйгөй тууралуу "Скай Мобайл" (Beeline) компаниясы дагы билдирүү таратты.

​"Кутман кеч! Байланыш тармагына оордук келгендиктен, сиздердин уюлдук байланышта маселе болушу мүмкүн. Биз муну тез арада чечүү үчүн бардык аракетти жасап жатабыз. Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана сиздерди түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөбүз ", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле "Нуртелеком" ("О") Бишкекте байланыш жана интернет начар болуп жатканын моюндап, колдонуучуларынан кечирим сураган.

Жаңылыктар түрмөгү
0