Борбордук аянттын митингден кийинки көрүнүшү. Видео

© Sputnik / Светлана ФедотоваАла-Тоо аянты
Ала-Тоо аянты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжол менен бир саат мурда милиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыккандарды "Ала-Тоо" аянтынан сүрүп чыгарды.

Нааразычылык акциясына чыккандар туш тарапка тарап кетери менен аянт тынчып, ээн калды. Ал эми "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери ал жерди тазалап башташты.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылды.

ИИМ: митингге чыккандарды атайын каражаттар менен таркатууга аргасыз болдук

Саламаттык сактоо министрлигинин 22:00гө берген маалыматы боюнча, митингден жабыркап ооруканага 16 адам түшкөн.

Мындан сырткары, эки милицияга да таш тийип, баш мээси чайкалганы маалым болду. Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаевдин бутунан жаракат алып, аксап келе жаткан видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0