Телефондун жарыгын бир учурда күйгүзгөн "Ала-Тоодогу" митингчилердин сүрөтү

Жазылуу
Аянтта чогулган миңдеген кыргызстандык эл алдына чыккан маданият өкүлдөрүнүн өнөрүн көрүп жатып телефондордун фонарын күйгүзгөнүн көрүүгө болот.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына чогулган митингчилер бир учурда телефондордун фонарын күйгүздү. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Ала-Тоо" аянтына чогулган митингчилер бир учурда телефондордун фонарын күйгүздү
Телефондун жарыгын бир учурда күйгүзгөн Ала-Тоодогу митингчилердин сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына чогулган митингчилер бир учурда телефондордун фонарын күйгүздү

Аянтта чогулган миңдеген кыргызстандык эл алдына чыккан маданият өкүлдөрүнүн өнөрүн көрүп жатып телефондордун фонарын бир учурда күйгүзгөн.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

© Sputnik Кыргызстан, Sputnik / Табылды КадырбековАянтта чогулган миңдеген кыргызстандык эл алдына өнөрүн тартуулаган маданият өкүлдөрүнүн өнөрүн көрүп жатып телефондордун фонарын күйгүзгөнүн көрүүгө болот
Телефондун жарыгын бир учурда күйгүзгөн Ала-Тоодогу митингчилердин сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Аянтта чогулган миңдеген кыргызстандык эл алдына өнөрүн тартуулаган маданият өкүлдөрүнүн өнөрүн көрүп жатып телефондордун фонарын күйгүзгөнүн көрүүгө болот

Кечке маал аянтта элдин саны көбөйүп, бир ирет жолду жабууга аракет болгону маалымдалды. Өкмөт үйүнө жакын жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери турушат. Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанына Ички иштер министрлигинин атайын техникасы токтотулду.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0