Бишкекте көпчүлүк соода борборлору менен дүкөндөр жабылды

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүСоода борбору. Архив
Соода борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири соода борборлору саат 19.00-19.30да жабылат. Ал эми гипермаркеттердин шаардын борбор тарабына жакын жайгашкандары эшигин буга чейин эле жаап коюшкан.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте көпчүлүк соода борборлору менен гипермаркеттер митингге байланыштуу эрте жабылып жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына соода борборлорунун администрацияларынан тастыкташты.

Ири соода борборлору саат 19.00-19.30да жабылат. Ал эми супермаркеттердин шаардын борбор тарабына жакын жайгашкандары эшигин буга чейин эле жаап коюшкан.

"Митингге байланыштуу Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү дүкөндөрүбүз жабылды. Чет-жакасындагылар азырынча иштеп жатат. Мындан ары кырдаалга жараша чечим кабыл алабыз", — деди гипермаркеттердин биринин кызматкери.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда.

Өкмөт үйүнүн жанындагы скверге спецназ келип түштү. Видео

Кечке маал аянтта элдин саны көбөйүп, бир ирет жолду жабууга аракет болгону маалымдалды. Өкмөт үйүнө жакын жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери турушат. Ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанына Ички иштер министрлигинин атайын техникасы токтотулду.

Шайлоодон кийинки абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуй аласыздар.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0