Кытай грантына Бишкектин жолдорун оңдоо долбоорунун экинчи бөлүгү башталды

Жазылуу
Мэрия айдоочуларга оңдоо иштери жүргүзүлгөн көчөлөрдө унаа кыймылдарына убактылуу чектөө киргизилерин эскертет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте Кытайдын грантына курулуучу "Жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы расмий ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Биринчилерден болуп Ташкент көчөсүнүн Турусбековдон Тоголок Молдого чейинки бөлүгү, Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.

"Ташкент көчөсү 5-октябрь, Сухе-Батор көчөсү эртеңден тарта оңдоло баштайт. Эки көчөгө асфальт төшөлүп, бордюрлар, лоток арыктар жана тротуарлар жаңыртылат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу аталган көчөлөрдө унаа кыймылдарына убактылуу чектөө киргизилерин эскертти.

Курулушту кытайлык China Road & Bridges Corporation корпорациясы жүргүзөт. Жол куруу иштерин күз айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Мэрия шаардыктарды альтернативдүү жолдор менен жүрүүгө чакырат.

Бир жылга жетпей бузула баштаган Бишкектин жаңы жолдору. Видео

Эскерте кетсек, Бишкектин жолдор тармагын оңдоо долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул мезгил аралыгында Бишкекте беш көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчөнү оңдоо пландалган.

Долбоорго кирген көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыдан курулуп, баарында тең тротуар жана ирригациялык тармак камтылат. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0