"Мекеним Кыргызстанда" экинчи турган Садалиев деген ким? Кызыктуу фактылар

© Фото / пресс-служба партии "Мекеним Кыргызстан""Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Улан Садалиев. Архив
Мекеним Кыргызстан партиясынын мүчөсү Улан Садалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоодон ишенимдүү өткөн "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде экинчи орунда турган Улан Садалиев ким экен деп кызыккандар көп десе болот. Sputnik Кыргызстан агенттиги маалымат топтоду.

Белгилей кетсек, "Мекеним Кыргызстан" партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ылайык, добуштардын 23,95 пайызын алып, 45 депутаттык мандатка ээ болору болжолдонууда.

Ал эми тизмеде алдыңкы тургандардын мандат алуу мүмкүнчүлүгү жогору экендиги белгилүү.

40тын кырында

Улан Садалиев 1980-жылы 6-июнда Чүйдүн Сокулук районунун Сокулук айылында туулган. Беш бир тууган. Үй-бүлөсүндө аскер тармагында иштегендер көп. 

Аскер жана милиционер

Садалиев бала чагынан эле жоокерлер тууралуу тасмаларды сүйүп көрүп, погончон адамдарга суктанган. 9-классты бүткөндөн кийин Суворов атындагы аскер окуу жайына тапшырат. Бирок бул тармакты аягына чейин алып кетпей ИИМдин академиясына өтүп алган. Анткен менен өзүнөн кийинки эки инисин дагы Суворов атындагы окуу жайга алып барган.

Улан Садалиев 2003-жылдан тарта 2014-жылга чейин Бишкек шаары менен Чүйдөгү райондук милицияларында ар кандай кызматта иштеген. Милициянын подполковниги наамына ээ. 

Жарым жылга жетпей спикерликтен кол жууган. Адахан Мадумаров тууралуу 7 факты

Төрт билим алган

Улан Садалиев 2003-жылы ИИМ академиясынын "Юриспруденция" адистигин окуп бүткөн. 2006-жылы Кыргыз улуттук университетинин "Соттук экспертиза", ал эми 2009-жылы президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын "Менеджмент" багыты боюнча магистратураны аяктаган.

2012-жылы ИИМ академиясынын башкаруу тармагындагы кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигин" бүтүргөн.

Айыл өкмөттө, акимчиликте иштеген

Улан Садалиев 2014-2017-жылы Сокулуктун Новопавловка айылынын башчысы болгон. 2017-жылдан тарта Сокулук районунун акиминин орун басары болуп иштеп келе жаткан.

Россияда мигрант болгон. Төрөбай Зулпукаров жөнүндө 6 факты

Дача-СУда элди тынчтандырган

Садалиев ЖМКга алгач 2017-жылы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алганы окуяда чыккан. 

Дача айылынын тургундары бийликке компенсация төлөп берүүнү эртелетүү жана элди башка жакка көчүрүү талаптарын коюп митингге чыгышкан.

Чогулган эл менен Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Садалиев баштаган аткаминерлер жолуккан.

Ал элдин "чогулган акчаны өкмөт коротуп жатат" деген суроосуна жооп берип, атайын эсепке чогулган каражаттын бир сому дагы кемибей сакталып турганын айтып, элди тынчтандырган.

Депутаттыкка эмне ашыкты?

Өзүнүн айтымында, өмүр бою калк менен иштеп келе жатат. Маселен, милиционер, айыл өкмөт башчы жана акимдин орун басары болуп турганда элдин түрдүү көйгөйүн уккан. Негизи жарандар мыйзамдын чийкилигинен азап тартарын түшүнгөн. Депутаттык ишмердүүлүгүндө мыйзамдарды "иретке" келтиргиси келет.

Бажы ачык иштейт, облустар жоюлат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын убадалары

Эмнеге "Мекеним Кыргызстанды" тандады?

Улан Садалиев "Мекеним Кыргызстан" партиясына кошулуп калганы тууралуу "Саясий уюм партия ичиндеги шайлоолорду өткөргөн. Мен сунуш-пикирге ачыкмын, бардыгын угуп көргөндү туура көрөм. Бир нече ирет партиянын жыйындарына катыштым. Жакты. Элге керектүү мыйзам долбоорлорду сунуштай алабыз деп ойлойм" деген.

Жеке жашоосу

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы

Жаңылыктар түрмөгү
0