Бир суткада 207 кишиден коронавирус табылып, 103 бейтап ооруну жеңди

© AFP / OSCAR DEL POZOМедициналык кызматкер бейтаптан COVID-19 мазок алып жатат
Медициналык кызматкер бейтаптан COVID-19 мазок алып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-сентябрдан 5-октябрга чейин коронавируска жалпы 8 804 лаборатордук изилдөө жүргүзүлгөнү айтылды.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 207 кишиден коронавирус аныкталды. Ошол эле учурда 103 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек — 6;
  • Ош шаары — 23;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош облусу — 36;
  • Нарын облусу — 3;
  • Талас облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 8;
  • Баткен облусу — 13.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 26;
  • Ош – 4;
  • Чүй облусу – 8;
  • Ош облусу – 34;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 46;
  • Баткен облусу – 75.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 47 635ке жетти. Анын ичинен 43 521и ооруну жеңип, 1 066 бейтап көз жумду.

Азыркы тапта стационарларда 1 123 бейтап, амбулатордук шартта 1 470 киши дарыланууда.

"29-сентябрдан 5-октябрга чейин жалпы 8 804 коронавирустук инфекцияга лаборатордук изилдөө жүргүзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча тогуз медиктен оору аныкталган. Анын ичинен бирөө Бишкектен, экөө Жалал-Абаддан, алтоо Баткен облусунан. Ак халатчандар арасында кечээ 10 медик дартты жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0