Кезек күтүп отурганда 20:00 болуп калса шайлоочу добуш бере алабы? БШКнын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогуна кирип бараткан жарандар
Шайлоо участогуна кирип бараткан жарандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн добуш берүүгө баргандар узун кезекке туруп калганы туурасында сүрөт, видеолор социалдык тармактарга жарыяланып жаткан.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Шайлоо участкаларынын короосуна саат 20.00гө чейин кирип алгандар добуш бере алат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн добуш берүүгө баргандар узун кезекке туруп калганы туурасында сүрөт, видеолор социалдык тармактарга жарыяланып жаткан. Мындан улам добуш берүү мөөнөтү бүтүп калса эмне болот деген суроо жаралган.

"Эгер шайлоочунун кезеги жеткенче саат 20:00 болуп калса, шайлоо участкасынын короосунда турган адамдарды тейлеп бүткөнгө чейин иштейт. Бул учурда дарбазасы жабылат да, сырттан келгендер киргизилбейт", — деди Бекматов.

Шайлдабекова эки шайлоо участкасы жабылганын айтты. Себеби

Белгилей кетсек, саат 20.00дө шайлоо участкалары жабылат. Ал эми саат 22.00дө шайлоонун жыйынтыгы жарыяланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0