Бишкекте каза болгон адам "добуш бердиби"? БШК мүчөсүнүн жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык идентификациядан өтүп жаткан адам
Биометрикалык идентификациядан өтүп жаткан адам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда социалдык тармактарда №1041 шайлоо участкасында "көзү өткөн киши добуш берди" деген маалымат тарап жатат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун мүчөсү Тынчтык Шайназаров "көз жумган адам добуш берип калды" деген билдирүү боюнча жооп берди.

Учурда социалдык тармактарда №1041 шайлоо участкасында "көзү өткөн киши добуш берди" деген маалымат тарап жатат.

"Ал боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Шайлоо участкасынын төрайымы Канымжан Өмүрова бул маалыматты тастыктаган жок. УКМК дагы териштирип, билдирүү такталбаганын билдирди", — деди Шайназаров.

Ошондой эле ал саат 17:00гө карата 79 мыйзам бузуу учуру боюнча БШКга кайрылуу түшкөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0