Саат 14:00гө карата чет өлкөдө добуш берген мекендештердин саны

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши добуш берип турат парламенттик шайлоо учурунда
Киши добуш берип турат парламенттик шайлоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Добуш берүү процессине биометрикалык маалыматтарын тапшырган, консулдук каттоодо турган жана шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар гана катыша алат.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө карата чет өлкөдө жүргөн 3 585 мекендеш добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, белгиленген убакытка карата Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Түштүк-Сахалинск, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Иркутск, Сургут шаарларында шайлоо участоктору ачылган.

Мындан сырткары, Япония, Корея, Кытай (Пекин, Гуанчжоу шаарлары), Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан (Астана, Алматы шаарлары), Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмирлиги (Абу-Даби, Дубай шаарлары), Иран, Беларусь, Түркия (Анкара, Стамбул шаарлары), Сауд Аравия, Катар, Кувейт, Украина, Германия (Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн шаарлары), Австрия, Италия, Франция, Улуу Британия мамлекеттеринде дагы шайлоо участоктору иштеп жатканы айтылды.

Шайлдабекова: биринчи жолу шайлоого катышкан жарандарга сюрприз даярдап койдук

Тышкы иштер министрлиги добуш берүү процессине биометрикалык маалыматтарын тапшырган, консулдук каттоодо турган жана шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар гана катыша ала турганын эскертти.

Чет мамлекеттердеги шайлоо участкалары Бишкек убактысы боюнча түндө саат 3.00дө ачылган, акыркысы Вашингтондо эртең менен саат 6.00дө жабылат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрь күнү, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0