ИИМ: добуш берүү учурунда үч мыйзам бузуу фактысы катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берүү үчүн биометрикалык идентификациядан өтүп жаткан жаран
Добуш берүү үчүн биометрикалык идентификациядан өтүп жаткан жаран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ өкүлү катталган фактылар иликтенип жатканын, кечке чейин алар боюнча кененирээк маалымат берилерин кошумчалады.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстанда добуш берүү процесси башталгандан бери үч мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын начальниги Султан Макилов брифинг учурунда билдирди.

"Саат 14.00гө карата үч факты аныкталды. Алардын бири Бишкекте майда бейбаштык, экөө Жалал-Абад облусунда добуш сатып алуу жана добуш берүүгө тоскоолдук кылуу деп катталды", — деди Макилов.

ИИМ өкүлү аталган фактылар иликтенип жатканын, кечке чейин алар боюнча кененирээк маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0