Дене табы көтөрүлгөн адамдар качан добуш бере алат? Министрдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогуна кирип бараткан жарандар
Шайлоо участогуна кирип бараткан жарандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 4-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов оорунун белгилери байкалган жарандар шайлоого кантип катыша турганын брифинг учурунда түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-октябрда, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт.

"Эгерде шайлоочулардын арасында дене табы көтөрүлүп же оорунун белгилери байкалгандар болсо, алар шайлоо участкаларына кечки саат 18:00дөн кийин келип, атайын даярдалган кабиналарда добуш берүүгө укуктуу", — деди Абдикаримов.

Эске салсак, өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 140 бейтап айыкса, 244 киши оору илештирип алганы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0