БШК саат 10.00гө карата добуш берген шайлоочулардын санын айтты

© Фото / пресс-служба ЦИК КРБШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нуржан Шайлдабекова кечээ шайлоо участкаларынан тыш добуш берген мекендештер тууралуу да маалымат берди.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 10.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу тууралуу брифингде айтты.

"Жалпы тизмеге 3 523 554 шайлоочу кирген. Саат 10.00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 236 921 адам добуш берди. Бул жалпы сандын 6,72 пайызын түзөт", — деди ал.

Ошто көпчүлүк шайлоо участкаларында узун кезек жаралды. Сүрөттөр

Шайлдабекова шайлоо участкаларынан тыш добуш бергендер тууралуу да маалымат бере кетти. Анда 29 миңден ашуун адамдын 24 472си добуш бергени айтылат. Бул шайлоо участкаларынан тыш добуш берүүгө арыз жазгандардын 83 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0