Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери

© Фото / из личного архива Гулзире МинбаевойМатематика мугалими Гүлзира Миңбаева. Архив
Математика мугалими Гүлзира Миңбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлзира Миңбаева Бишкекте математика мугалими болуп иштейт. Ал аз каражат менен же таптакыр тыйын сарптабастан чет өлкөгө барып келүүнүн ыгын билет.

Педагог өз окуучуларына эл аралык таймаштарга катышуусуна жардам берет. Баса, айтымында, мектеп окуучулары андай мелдештерден мыкты жыйынтыктар менен кайтышат.

Миңбаева онлайн окутууну тилдей берүү натуура экенин айтып, бул мугалимдердин жөндөмүн бышыктап, жакындарына жетишерлик күч жана убакыт бөлүүсү үчүн мыкты убакыт деп эсептейт. Мисалы, Гүлзира өзү эки жылдан бери онлайн-сабактар боюнча программалоону өздөштүрүп келет.

© Фото / из личного архива Гулзире МинбаевойГүлзира Миңбаева Бишкекте математика мугалими болуп иштейт
Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери - Sputnik Кыргызстан
Гүлзира Миңбаева Бишкекте математика мугалими болуп иштейт

— Соңку жылдары техникалык илимдер студенттер арасында көп популярдуу эмес. Сиз эмнеге турмушуңузду математика менен байланыштыргыңыз келген эле?

— Баткендин карапайым кызымын. Математика жана техникалык илимдерге басым коюлган лицейди аяктагам. Булар мага жеңил эле болду, анан да өзүм кызыккан предметтер эле. Университетке тапшырып жатканда кесип тандоодо эч буйдалган эмесмин. Жогорку окуу жайды аяктаганда эң мыкты үч студенттин бири болдум. Университетти бүтүргөндөн тарта сегиз жыл лицейлерде математикадан сабак бердим. Бир да жолу көп жыл мурун кабыл алган чечимиме өкүнгөн учурум болгон жок. Кесибим бүгүн да мага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келет. Балдар менен иштөө абдан пайдалуу. Окуучуларымды эл аралык предметтик жана долбоордук олимпиадаларга даярдачумун.

Акыркы жылдары балдарды математика боюнча эл аралык олимпиадага катышууга таптап жүрдүк. Окуучулар Америка, Таиланд, Малайзия, Африка жана Европада өткөн таймаштарга катышып, жакшы жыйынтыктарга жетишип, баш байгени, алтын, коло медалдар менен кайтып келишкендери болгон.

— Бирок бул аябай кымбат турат эмеспи. Ар бир эле баланын, мейли, өзгөчө жөндөмү бар окуучу болсо деле андай сапарга чыгууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт го…

— Балдарым боюнча айтып берейинчи. Тилекке каршы, чет өлкөгө ар кандай мелдештерге катышып жаткан соң, демек, алар бардар үй-бүлөнүн абдан акылдуу балдары деп ойлошот. Ооба, ошол эле Америка же Европага олимпиадага катышууга жол кире акысын баары эле төлөй албайт. Биздин балдар катышып келсин деп биз – менторлор кайтарымсыз негизде көмөк көрсөтчү демөөрчүлөрдү издейбиз. Балдар аябай шыктанып калышат, андай тажрыйбадан кийин мурдагыдан да көңүлдөнүп, чоң ийгиликтерди багындырышат.

Бир кыздын баянынан кеп салайын. Америкада өткөн ири олимпиадада күмүш медалга ээ болду. Окуучу калыстардын купулуна толгон, анткени укмуштай таланттуу жана акылдуу кыз. Экологиялык темага долбоордук олимпиадага катыштык. Биздин кызыбыз чыгармачылык номер менен чыгып, экология үчүн күрөшүү зарылдыгы жөнүндөгү ырды аткарды. Анын ырына жакшы аранжировка жасатып, кооз клип тарттырган элек. Сынактын уюштуруучулары да анын өнөрүнө таасирленип, жабылыш аземинде да ырдап чыгуусун өтүнүшкөн.

© Фото / из личного архива Гулзире МинбаевойМиңбаева аз каражат менен же таптакыр тыйын сарптабастан чет өлкөгө барып келүүнүн ыгын билет
Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери - Sputnik Кыргызстан
Миңбаева аз каражат менен же таптакыр тыйын сарптабастан чет өлкөгө барып келүүнүн ыгын билет

— Эл аралык мелдеш жана такшалма программаларын кайдан табасыздар?

— Жолу жөнөкөй эле. Программа же олимпиада табуу үчүн “Гуглдан” гана издөө жетиштүү. Бул саякаттоонун эң арзан жолу. Америка, Европада акысыз программалар ого эле арбын.

Албетте, англис тилин билүүнүн да кереги тиет. Анткени андай иш-чаралар англис тилинде өтөт. Кудай жалгап, жаш чагыбызда чет тилин үйрөнүүнүн ыгы жеңил. Өз окуучуларымды ар кандай билим берүү программаларын өздөрү издеп көнүүгө да шыктандырам. Педагогуңуз болгону жакшы деңизчи, бирок бул жоопкерчиликтин баарын ага жүктөп коюуну туюндурбайт. Окуучулар да өздөрү издеп, мисалы, уюштуруучулар бардык чыгымдарды өз мойнуна алган ар кыл өлкөлөрдөгү жайкы лагерлерге бара алышат. Бул принципти өзүм да карманам, маселен, эки жыл оболу TechWomen программасына катышып калдым. Бул менин турмушумдагы маанилүү окуялардан болду дээр элем. Программа илимий, техникалык жана математикалык чөйрөлөрдөгү аялдарга багытталган. Ага Африка, Борбордук жана Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгыштагы каалаган аял катыша алат.

© Фото / из личного архива Гулзире МинбаевойӨз окуучуларына эл аралык таймаштарга катышууга жардам берип келет
Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери - Sputnik Кыргызстан
Өз окуучуларына эл аралык таймаштарга катышууга жардам берип келет

— Билишимче, программанын алкагында Силикон өрөөнүндөгү ири IT-компанияларда такшалма бар. Ошол тажрыйбаңыздан айтып берсеңиз.

— Программаныны маңызы тажрыйба алмашууда. Мындан тышкары, катышуучулар жөндөмдөрүн өрчүтүп, жаңы нерселерди өздөштүрө алышат. Ири IT-компанияларда практикалык тажрыйбага ээ болушат. Мисалы, мен Mozilla Firefox ишканасында иштедим. Программа боюнча ошол сапарым мага катуу таасир этти. Көп бүтүмгө келдим, ошолор мени алдыга сүрөп турат. Балдарды илимге багыттоодон да колумдан көп нерсе келерин аңдадым, программист болуп Силикон өрөөнүндөгү ири ишканада иштөөнү кыялдандым. Билимим боюнча программистмин дагы, болгону ал чөйрөдө иштей элек болчумун. Эки жылдан бери программалоонун Python тилин өз алдынча өздөштүрүп жүрөм. Бул багытта жакшы адис боло аларымды, ойлорумду кантип ишке ашырууну жана эмне кылуу керектигин билем.

АКШга барып келгенден кийин жеке ишимди ачууну чечтим. Математика курсун ачтык, окуучуларды чет жактагы университеттерге тапшырууга даярдайбыз. Биздин окуучулар чет элдик ири окуу жайларга өтүп, жакшы арзандатууларга да ээ болушууда.

Мындан сырткары, ошол сапардын шарапаты менен белгилүү онлайн-мектептин өкүлүнө айландым. Ал – окуучуларга сапаттуу сабактарды сунуштаган билим берүү долбоору. Жалпысынан архивде окуучулар үчүн 10 миңдин тегерегиндеги ролик сакталат. Кейиштүү жагы, кыргыз тилиндеги видеосабактар жок. Англис тилин жакшы билген менин окуучуларым аларды түшүнөт, бирок калган миңдеген окуучуларчы? Бул туурасында TechWomen программасында мага жол көрсөткөн менторума ойлорумду айтып бергем. Көрсө, ал киши онлайн окутуу боюнча долбоордун бир өкүлү менен жакшы тааныш экен. Биз таанышып, баарлаштык. Андан кийин академиянын өкүлдөрү сабактарды кыргыз тилине которууну мага табышташкан. Иштин чети да оюла элек! 10 миң онлайн-сабактан азырынча жүздү гана котордук. Күздүн ортосуна чейин миң чакты видеосабак даяр болот.

— Бул жакшы киреше алып келген жумуш болсо керек....

— Расмий өкүл болгонума карабастан, бул иш менен мен ыктыярчы катары алектенем. Пайдалуу жана зарыл долбоор. Бул жумуштан мен ырахат алам.

© Фото / из личного архива Гулзире МинбаевойПедагог онлайн окутууну тилдей берүү натуура экенин айтып, бул мугалимдердин жөндөмүн бышыктап, жакындарына жетишерлик күч жана убакыт бөлүүсү үчүн мыкты убакыт деп эсептейт
Бир сом коротпостон чет өлкөгө кантип барып келсе болот? Мугалимдин кеңештери - Sputnik Кыргызстан
Педагог онлайн окутууну тилдей берүү натуура экенин айтып, бул мугалимдердин жөндөмүн бышыктап, жакындарына жетишерлик күч жана убакыт бөлүүсү үчүн мыкты убакыт деп эсептейт

— Быйыл да Кыргызстанда мектеп окуучулары негизинен онлайн-режимде окуп жатышат. Сабактар үзүрлүү болушу үчүн мугалимдерге жана окуучуларга кандай кеңеш берер элеңиз?

— Онлайн окутууга неге бизде терс карашканын түшүнө албайм. Бул системанын айрыкча мугалимдер үчүн артыкчылыктары арбын. Педагогдордун көпчүлүгү — аялдар. Аралыктан окутууда алардын үй-бүлөсү жана жеке өнүгүүсү үчүн убакыт артат. Эки жылдан бери программалоонун тилин үйрөнүп жатканымды айтпадымбы жогоруда. Андыктан адистер үчүн бул – өзүн-өзү өстүрүүнүн дал убагы.

Окуучуларга кыйыныраак, алар мындайга даяр эмес эле. Балдарга жеке өнүгүүгө өбөлгө жок, бул – чоң көйгөй. Окуучулар мугалимдер артынан түшүп окутканга көнүп алышкан. Ал эми азыр болуп көрбөгөндөй эркиндик колго тийди. Аны кандай пайдаланууну алар билбейт. Өз дараметиңизди өстүрүүнүн жолдорун издеңиздер. Мелдешке катышуу, такшалма жана практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк издеңиздер. Бул педагогдор эле эмес, балдарга да тиешелүү. Пандемия басаңдап, биз мурдагы жай жашообузга кайтарыбызга ишенем. Бирок мындай кырдаалдын да артыкчылыктарын алып, жакынкы келечектеги жашообузду жакшырта алабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0