Бир күндө 128 адамдан аныкталды. Кыргызстандагы коронавирус боюнча статистика

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө аймактарынын ичинен кечээтен бери Талас облусунда коронавирус жуктурган жаңы учур катталган эмес.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде Кыргызстанда 141 адам коронавирустан айыгып, 128 киши илдетти жуктуруп алды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

COVID-19 жуктургандар төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек – 22;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу – 33;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 17;
  • Баткен облусу – 38.

Ушуну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 47 184 адамга жетти.

Матрезерв коронавирустан коргогон дарынын 29 түрүн сатып алды

Сакайып чыккандардын саны:

  • Бишкек – 14;
  • Ош шаары – 26;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 40;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 17;
  • Жалал-Абад облусу – 16;
  • Баткен облусу – 15.

Өлкө боюнча 43 278 кыргызстандык ооруну жеңип чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0