Төө-Ашуу менен Суусамырга калың кар түштү. Видео

© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской областиТөө-Ашуудагы унаалар
Төө-Ашуудагы унаалар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол инспекторлору айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, ылдамдыкты жана унаалар арасындагы аралыкты сактоого чакырды.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кар жаап, аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу айдоочуларга эскертүү берди.

"Бүгүн, 3-октябрда, Төө-Ашуу ашуусуна жана Суусамыр өрөөнүнө кар түшкөндүктөн, Чүй ЖКККБ Бишкек — Ош унаа жолунан өтө турчу айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, тайгалантпаган чынжыр тагып, ошондой эле унаалар арасындагы аралыкты жана ылдамдыкты сактоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Кышкысын унаага кандай дөңгөлөк сатып алуу керек? Пайдалуу инфографика

Эске сала кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-октябрга караган түнү Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөрүн билдирген. Ал эми республиканын башка аймактарында күн ачык болору айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0