Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилициянын кызматкерлери. Архив
Милициянын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция эпидемиялык абалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык эрежелердин сакталышын дагы карайт.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. 4-октябрь, парламенттик шайлоо күнү, 2 миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты.

"Милиционерлер коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Ошондой эле эпидемиялык абалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык эрежелердин сакталышын карашат. Кандайдыр бир чагымчылдык көрүнүштөр болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция COVID-19 илдетинин жайылып кетишин алдын алуу үчүн жарандарды бардык  санитардык эрежелерди карманууга чакырат.

Эске салсак, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Анда 16 саясий партия күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0