Шайлоодон кийинки күнү 1-класстар окубай турганы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги окуу классы. Архив
Мектептеги окуу классы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Кубатбек Боронов дүйшөмбү күнү, 5-октябрда, ар бир мектепте, өзгөчө шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарыла турганын айткан.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Шайлоодон кийинки күнү, 5-октябрда, 1-класстар окубайт. Ал күнү мектептердин бардыгы дезинфекцияланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жиберген билдирмеде жазылган.

Аталган кабарды Билим берүү жана илим министрлигинен да тастыкташты.

Топко бөлүнбөйт, сабактар толук өтүлөт. 1-6-класстын окуусу боюнча 6 суроого жооп

Ага ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов дүйшөмбү күнү, 5-октябрда, ар бир мектепте, өзгөчө шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарыла турганын айткан.

"Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган", — деди Боронов.

Белгилей кетсек, 1-класстар окуу жылы башталгандан тарта эле салттуу режимде билим алып жатышкан. Өкмөттүн андан кийинки чыгарган чечимине ылайык, 6-октябрдан баштап 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0