Премьер-министр 2-6-класстар кандай тартипте окуй турганын айтты

Жазылуу
Өкмөт башчы мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын, ата-энелер менен башка адамдар имаратка киргизилбей турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар кандай тартипте билим ала турганын брифинг учурунда учкай түшүндүрүп берди.

Эске салсак, 6-октябрдан тарта 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Бул боюнча өкмөт чечим чыгарган.

2-6-класстардын окуу тартиби:

  • Мектепте окуу тартиби окуучулардын санына жараша уюштурулат. Мисалы, 200гө чейин окуучу болсо, алар бекитилген расписание боюнча билим алат;
  • Балдардын саны 200дөн 500гө чейин болсо, кадимки смендик окуу процесси уюштурулат;
  • 500 жана 500дөн жогору болсо, аралыгы эки сааттан кем эмес интервал менен смендик окуу процесси жүргүзүлөт.
"Сабактарды өткөрүүдө да өзгөчөлүктөр болот. Алсак, климаттык шарттарды эске алуу менен "Турмуш тиричилик коопсуздугу", "Мекен таануу", "Адеп", "Дене тарбия" сабактары таза абада уюштурулат. Эгерде окуучунун саны 500дөн жогору болуп, шарттары жок болсо, анда табигый-так илимдер багытындагы предметтерди реалдуу режимде, гуманитардык багыттагы предметтерди дистанттык формада өткөрүү каралды", — деди Боронов.

Өкмөт башчы мектептерде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын, ата-энелер менен башка адамдар имаратка киргизилбей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0