Ошто коронавирустан бир бейтап акка моюн сунду

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүМедайым COVID-19 менен ооруган адамдарга капельница даярдап жатат
Медайым COVID-19 менен ооруган адамдарга капельница даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда мартта жайылган оорудан миңден ашуун киши көз жумду. Башында сандар андан дагы көп көрсөтүлүп, бирок кийинчерээк айрым бейтаптар башка оорудан каза тапкандыктан, статистика кайра каралып чыккан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган бир бейтап көз жумганын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, каза тапкан киши Ош облусунда дарыланып жаткан.

Пандемиянын курмандыгына айланган мугалимдер

Пандемиядан бери Кыргызстанда жугуштуу илдеттен 1 065 киши көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча 46 841 кишиден коронавирус табылса, анын 42 983ү айыгып чыкты. Ал эми акыркы суткада 104 киши коронавирус инфекциясынан сакайып чыкса, кайра дагы 172 адам жуктуруп алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0