Бишкектеги төрт райондун көчөлөрү жарыктандырылды

© пресс-служба мэрии города БишкекЖарыктандыруучу лампа орнотуп жаткан мэрия кызматкери. Архив
Жарыктандыруучу лампа орнотуп жаткан мэрия кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башында борбор калаанын жетекчиси Азиз Суракматов караңгы көчөлөргө 10 миң шам чырак коюу тапшырмасын берген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Сегиз ай аралыгында "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы 664 көчөнү жарыктандырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, ишкана бир жылдык планын аткарган.

"Жыл башында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы төрт районго 10 миң шам чырак коюу тапшырмасын берген. Бул иштин баары аткарылып, жалпы 664 көчө жарыктандырылды", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан көчөлөрдү жарыктандыруу иштери уланып жатканын белгилешип, эгер бул маселе боюнча суроо жаралса, 0312 463 089, 0312 576 351 телефондоруна чалып же 0777 902 115 WhatsApp номерине жазууну сунушташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0