Ооруканада 819 бейтап жатат. Коронавирус боюнча Кыргызстандагы соңку кырдаал

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкерлери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ооруканада коронавируска кабылган 819 бейтап жатат, ал эми 1455 адам үй шартында медиктердин көзөмөлүндө дарыланууда.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутканын ичинде 118 адам коронавирустан айыгып чыкса, ошол эле учурда 147 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

COVID-19 илдетинен сакайгандар:

  • Ош облусу – 51;
  • Бишкек – 8;
  • Баткен облусу – 24;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Ош шаары – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Чүй облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 1.

Ал эми оорунун жаңы учурлары Жалал-Абад менен Ош облустарында көбүрөөк катталган:

  • Жалал-Абад облусу – 41;
  • Ош облусу - 34;
  • Бишкек - 19;
  • Баткен облусу - 17;
  • Ош - 13;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Чүй облусу – 10;
  • Талас облусу - 2.

COVID жайылып баратат, бет кап тагынгыла! Штаб сактануу чараларын күчөттү

Ошондой эле 12 медицина кызматкери COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Алардын үчөө Бишкек шаарында, үчөө Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда алтоо. Аны менен катар ооруканалардан алты, үй карантининен 10 медик айыгып чыгарылган.

Учурда ооруканада коронавируска кабылган 819 бейтап жатат, ал эми 1455 адам үй шартында медиктердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Соңку бир күндүн аралыгында каза болгондор катталган жок, илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1064тү түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0