Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши сасык тумоого каршы вакцина алды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүУкол даярдап жаткан дарыгер. Архив
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларда тобокел тобуна киргендерге жана социалдык аялуу катмардагы адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Кыргызстанда сасык тумоого каршы сатып алынган вакцина толук колдонулганын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, биринчи этап менен препараттын 119 643 миң дозасы сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкек шаары — 27 000 доза;
  • Чүй облусу — 24 000;
  • Ош шаары — 5 000;
  • Ош облусу — 18 000;
  • Жалал-Абад облусу — 17 643;
  • Баткен облусу — 9000;
  • Ысык-Көл облусу — 9000;
  • Нарын облусу — 5000;
  • Талас облусу — 5 000.

Учурда вакцинанын 118 682 дозасы же 99,2 пайызы колдонулду. Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүп жатат.

COVID жайылып баратат, бет кап тагынгыла! Штаб сактануу чараларын күчөттү

Эскерте кетсек, республиканын бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана фельдшердик-акушердик пунктуларында тобокел тобуна киргендерге, ошондой эле социалдык аялуу катмардагы адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0