Мамкаттоо айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзгөн жаңы сервис иштеп чыкты

© AFP / SPENCER PLATTЗапрет на пользование телефоном во время езды за рулем
Запрет на пользование телефоном во время езды за рулем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиркеме Android платформасындагы смартфондор үчүн иштеп жатат, ал эми iOS операциялык системасын колдонгондорго жакында жеткиликтүү болот.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн "Услуги ГРС" мобилдик тиркемесинде жаңы сервис ишке киргизилди. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Аталган сервис "Готовность ВУ" (Айдоочулук күбөлүктүн даярдыгы) деп аталат. Аны колдонуу менен айдоочулук күбөлүк алууга тапшырган арыз кайсы стадияда турганын көрүүгө болот. Ошондой эле жарандар "Коопсуз шаар" системасы боюнча айып пулдарды, автоунаа күрөөдө турган-турбаганын, катталган транспорт каражаттарынын санын жана документин текшере алышат.

"Инфоком" документ түйшүгүн жеңилдеткен электрондук система иштеп чыкты

Мындан сырткары, Мамлекеттик каттоо кызматынан берилген документтердин жарактуулугун тастыктоо үчүн кагаздагы QR-кодду окууга ылайыктоо үчүн тиркемеге QR-код системасы коюлган. Анын жардамы менен 2017-жылдан баштап берилген жаңы үлгүдөгү туулгандыгы жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, нике күбөлүгүн, ажырашуу жөнүндө маалым катты, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалым катын, ошондой эле чет элдик жарандарды каттоо боюнча маалым катты текшерүүгө болот.

Тиркеме Android платформасындагы смартфондор үчүн иштеп жатат, ал эми iOS операциялык системасын колдонгондорго жакында жеткиликтүү болот.

Бул мобилдик тиркемени "Инфоком" мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0