08:22 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Коом
Кыскача шилтеме алуу
243 0 0

28-сентябрь — кутурма оорусуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Мал-жаныбардан адамга жуккан илдетке Кыргызстан дагы өзгөчө маани берип келет.

Адистердин айтымында, кутурма айыкпас дарт, убагында эмдөө жүргүзүү менен кишини аман алып калууга болот. Кооптуу оорунун дагы башка жагдайлары тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар республикалык борборунун дарыгер-эпидемиологу Гүлнур Нуркалиева айтып берди.

— Кутурма жаныбардан адамга кантип жугат?

— Кутурма — борбордук нерв системасын жабыркаткан, айыкпас жана жугуштуу дарт. Аны менен жапайы жаныбарлар, маселен, карышкыр, түлкү, чөө, жарганат, жолборс, илбирс, кашкулак, жапайы ит жана башкалар ооруйт. Ошондой эле үй айбанаттары — ит, мышык, бодо мал жана майда жандыктар ылаңдайт. Адатта жырткычтардан үйдөгү жаныбарларга, ал эми алардан адамга жугат. Маселен, кутурма болгон түлкү итти тиштейт, ит адамды тиштейт дегендей.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра карантинных и особо опасных инфекций МЗ КР Гулнур Нуркалиева
© Фото / предоставлено Гулнур Нуркалиевой
Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар республикалык борборунун дарыгер-эпидемиологу Гүлнур Нуркалиева

— Кутурма жаныбардын эти аркылуу жукпайбы? Маселен, айрымдар иттин этин дарычылык үчүн жешет.

— Теорияда жаныбардын эти аркылуу жана аны союп жаткан адамдын колунда кесик, жаракат болсо вирус кирип кетиши мүмкүндүгү айтылган, бирок практикада андай учур каттала элек.

— Ал эми кутурмага кабылган киши башка адамдарга жуктурабы?

— Жок. Мындай учур тарыхта болгон эмес.

Дене ууланат. Малдан адамга жуккан күйдүргүдөн кантип сактануу керек

— Илдетти жуктурган адамда симптомдор канча убакытта билинет?

— Кутурма жуктурган кишиде оорунун белгилери 14 күндөн 90 күнгө чейин, кээде бир жылга чейинки убакытта байкалат. Бул адамдын жаракат алган жерине жана жаш курагына жараша болот. Маселен, ит адамдын баш, бет, моюн жактарын тиштесе, инкубациялык убакыт кыска болот. Буттун булчуңдарынан же балтырынан тиштеген убакта инкубациялык мезгил узагыраак. Ошондой эле кутурма улгайгандарга караганда жаш балдарда кыска мөөнөттө байкалат. Анан ооруканага келген бейтап качандыр бир убакта ит тиштегенин эстейт.

— Дарт кишиге жабышкандан тарта соңку этабына чейинкисин айтып берсеңиз?

— Оорунун биринчи этабында адамдын тиштеген жери ачышып, кызарып, шишип баштайт. Вирус нерв жолдору аркылуу баш мээни жана жүлүндү катуу жабыркатып, адамдын психикасын өзгөртөт. Оорулуу киши кыжырданып, ачууланып, элден бекинип, жалгыз болгонду жактырат. Анан коркуп, жүрөктүн үшүн алган түштөрдү көрүп, чочуп ойгоно баштайт. Буга кошумча башы ооруп, алсырап, табити жоголуп, тамагы ооруп, эч нерсе жута албай калат. Ошол маалда дене табы 37,5 градуска чейин көтөрүлөт. Бул абал үч күнгө чейин созулат.

Ит кол салса эмне кылыш керек. Адистердин пикири

Экинчи этабында оору күчөп, элирүү пайда болот. Бул этап төрт күндөн жети күнгө чейин созулат. Адам суусайт, бирок сууну көргөндө эле булчуңдары тырышып, иче албай калат. Электр, күн жарыгынан, шамалдан, үндөн, ызы-чуудан корко баштайт. Жадагалса суунун шаркыраган добушунан сестенип, бурчка барып бүрүшүп отуруп алышат.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра карантинных и особо опасных инфекций МЗ КР Гулнур Нуркалиева
© Фото / предоставлено Гулнур Нуркалиевой
Нуркалиева: кутурма адамга жан-жаныбардан жугат. Ал борбордук нерв системасын жабыркаткан, айыкпас, жугуштуу дарт

Ошондой эле оорунун экинчи баскычында адамдын дем алуусу оорлоп, үнү бүтүп, тердеп, шилекейи чууруп ага баштайт. Дене табы 40-41 градуска көтөрүлөт. Дарыгерлер мындай абалдагы бейтапты керебетке таңууга аргасыз болушат. Себеби оорулуу баш бербей жулунуп, кыйкырып, колуна эмне тийсе ыргытып, буюм-тайымдарды талкалап, жадагалса кийимдерин айрып салат.

Кутурманын үчүнчү этабында адам шал болот. Бирок бейтап тынчтанып, өзүнө келип, коркуу сезими жоголуп, тамак иче баштайт. Анан бул убакта айыгып баратат деп ойлошот. Анткен менен бул убактылуу көрүнүш. Бейтаптын буту баспай, дене табы 42 градуска көтөрүлүп, жүрөгү бат-баттан согуп, дем ала албай калат. Анан акыры кыйналып жатып каза табат.

— Демек, кутурмага кабылган бейтапты ооруканада кармоо дагы кыйын турбайбы?

— Дарыгерлер коопсуздук чараларын көрүшөт. Кутурма менен ооруган бир нече бейтап палатада чогуу жатпайт, бири-бирине кол салышы толук ыктымал. Палатанын ичине керебеттен башка ашыкча оокат коюлбайт, себеби аларды бүлүндүрүп салары же өзүнө зыян келтирери белгилүү. Ошондой эле алардын оорусун жеңилдетүү үчүн палатанын ичин караңгылатып, эшик-терезени жел кирбегендей жаап турушат.

Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу

— Ооруканадан бейтаптарды кантип айыктырышат?

— Кутурма айыкпас дарт. Ит тиштеп алган учурда кутурманын вакцинасын кечиктирбестен, инкубациялык убактысы өтө электе сайган учурда аман алып калууга болот. Калган учурда жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк аз.

Кыргызстанда жылына 12-15 миң киши жаныбарлар тиштеп медициналык жардам алат. Акыркы убакта жылына бир-эки, кээде үч бейтап көз жумган учурлар болду. Өлүм катталбаган дагы учурлар бар.

ДССУнун 2030-жылы бул оорудан каза болгондордун санын азайтабыз деген планы бар. Кыргызстанда дагы ооруну алдын алуу боюнча бир катар иштер жасалып келет.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра карантинных и особо опасных инфекций МЗ КР Гулнур Нуркалиева
© Фото / предоставлено Гулнур Нуркалиевой
Дарыгер: жаныбар тиштеп же тытып алганда алгач ошол жерди самындап таза жууп, йод же спирт менен сүртүү керек. Андан кийин ооруканага кайрылыңыз

— Жарандар кутурмага каршы вакцинаны кайдан алышат?

— Илдеттин вакцинасы өлкөдө жетиштүү, бекер берилет. Дарыны бардык ооруканадан, анын ичинде ФАПтардан тапса болот. Бирок аны жаныбар тиштеп кеткендин бардыгы эле ала бербейт. Маселен, ошол адамдын же кошунасынын ити болсо аны 10 күн байкоого алып, анан бейтапты эмдешет. Ал эми талаа-түздөн жапайы жаныбар же жолбун ит тиштесе кишинин жаракатына жана башка критерийине жараша вакцина сайылат.

Ошто ит тиштеген 19 жаштагы жигит кутурмадан каза болду. Чоо-жайы

Ит үйрөтүүчүлөр, кинологдор, аңчылар, корук кызматкерлери, мал доктурлар сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүп турушу керек.

— Кутурманы алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?

— Жаныбар тиштеп же тытып алганда алгач ошол жерди самындап таза жууп, йод же спирт менен сүртүү керек. Андан кийин ооруканага кайрылуу кажет. Кутурма көп убакытта билингендиктен маани бербей жүрө берип, бейтаптар кечигип калып жатат.

Ошондой эле көчөдө жүргөндө жолбун иттен абайлоо керек. Үйдөгү ит, мышыктарды ветеринарга көрсөтүп туруу зарыл.

Тема боюнча

Ветеринар: чириген аюнун этин тазалап, тишибиз күбүлүп кала жаздаган
Белгилер:
маек, эмдөө, жаныбарлар, ит, кутурма, оору, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ