Бет кап бекер берилет. Шайлоодо COVID-19дан коргонуу алгоритми иштелип чыкты

© REUTERS / Shew Paw Mya TinСитуация в Мьянме из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Мьянме из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо күнү коопсуздукту сактоо үчүн кандай санитардык эрежелер иштелип чыкты? Коронавирус менен ооругандар добуш бере алабы? Бет кап тагынбай баргандар шайлоо участкасына киргизилеби? Ушул жана башка суроолорго жооптуу төмөнкү материалдан таба аласыздар.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жана Саламаттык сактоо министрлиги шайлоодо коронавирустун жайылышына бөгөт коюу үчүн санитардык нормалардын алгоритмин иштеп чыкты.

Анда шайлоонун алдында жана добуш берүү күнү иш процессин уюштурууда бир катар талаптар камтылган. Дезинфекциялоо каражаттарын, бет каптарды, бир жолу колдонулуучу кол каптарды пайдалануу, 1,5-2 метр социалдык аралыкты сактоо, кол алышып учурашпоо жана башка байланыштарды токтотуу каралган.

Министрлик: шайлоого карата вирус жуктургандардын саны азайтылган жок

Добуш берүү күнкү талаптар:

  • Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга бир жолку бет кап жана кол каптар акысыз берилет;
  • Санитардык-эпидемиологиялык кызмат келген шайлоочулардын дене табын текшерет;
  • Кире беришке санитайзер жана дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемче коюлат;
  • Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун кире беришине коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат илет;
  • Шайлоо участогуна адамдардын кирип-чыгуу схемасы түзүлөт;
  • Жергиликтүү бийлик шайлоо участогунун аймагына аралыкты сактоо чийиндерин белгилейт;

Парламенттик шайлоодо канча кыргызстандык добуш бере алары белгилүү болду

  • Жергиликтүү бийлик добуш берүү процесси башталганга чейин шайлоо участкасын дыкат дезинфекциялайт;
  • УШКнын бардык мүчөлөрүнө жеке коргонуу каражаттар берилет;
  • Ар кандай уюмдардан келген байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү, талапкерлер жана саясий партиялардын өкүлдөрү жеке коргоо каражаттары менен камсыздалат;
  • Добуш берүүчү кабиналар жана технологиялык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метр аралыкта жайгаштырылат;
  • Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бири-биринен 1,5-2 метр алыстыкта отурат жана бир шайлоочуну тейлеп бүткөндөн кийин колуна антисептик сээп турат;
  • Добуш берүүчү кабина пардасыз колдонулат;
  • Желдетүү системасы жок болсо, ар 30 мүнөт сайын 15 мүнөттөн желдетип туруу керек. Эгерде сыртта абанын температурасы 18 градустан жогору болсо терезе ачык турушу керек.

Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

Добуш берүү процесси:

Шайлоочу паспортун УШК мүчөсүнө бергенден кийин кол кабын чечип, колуна антисептик сээп, манжасы менен идентификациялоодон өтөт. Андан соң кайра антисептик чачып кол кабын киет.

  • Шайлоочу жүзүнүн биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон өткөндө бет кабын чечип турат;
  • Ар бир шайлоочудан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат;
  • Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептөөчү урналар ар бир 60 мүнөттө эки ирет дезинфекцияланат;
  • Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн өзүнчө кабина болууга тийиш;
  • БШК оорунун белгилери бар же бейтаптар менен байланышта болгон, обсервацияда жаткан жарандар үчүн да добуш берүүнүн жол-жобосу иштелип чыкканын кошумчалады.

Мындай категорияга кирген шайлоочулар 2-октябрга чейин үйдөн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн сурап УШКга кайрылышы керек. Ага ылайык 3-октябрда добуш бере алат. Эгер шайлоо участогуна барып добуш берүүнү кааласа 18.00дөн кийин келүү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0