Кызы менен чогуу бычакталган киши реанимациядан палатага которулду

Жазылуу
Түн ортосунда үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө кирген уурулардан бычак жеген 62 жаштагы киши жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 26-сентябрда 02:50лөр чамасында аталган айылдагы үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

Милиция үлпөт тоюнда тапанчадан ок чыгарган күйөө баланы Кара-Балтадан тапты

"Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бычак тийген кан тамырлары тигилди. Дарылануусун улантууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин негизинде 130-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0