Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пункту. Архив
Кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара өткөрүү пунктулары 5-октябрдан баштап кайрадан өз ишин улантат. Белгилей кетсек, пандемия шартындагы алгоритмге ылайык, учурда эки өлкөнүн чегинен товар алып өтүүгө гана уруксат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары 1-4-октябрь күндөрү жүк ташуу үчүн жабылат. Бул тууралуу КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек аранын жабылышына Кытайдын "Күз ортолоп калгандагы салтанат" жана "Билим күнү" майрамдары себеп болууда.

Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

Аталган өткөрүү пунктулары 5-октябрдан баштап кайрадан өз ишин улантат. Белгилей кетсек, пандемия шартындагы алгоритмге ылайык, учурда Кытайдан Кыргызстанга товар алып кирүүгө гана уруксат.

Жаңылыктар түрмөгү
0