Балага мектепте басмырлоо болуп жатканын кантип билсе болот. Адистин кеңеши

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги сабак учурунда. Архив
Мектептеги сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин пикиринде, окуучунун мектептеги жашоосу тууралуу толугу менен билүү үчүн ата-эне менен баланын ортосунда ишеним болушу керек.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Мектепте балага басмырлоо болуп жатканын бир нече белгиден улам билсе болот. Алар тууралуу РИА Новости агенттигине клиникалык жана кризистик психолог Мария Зеленова айтып берди.

Адистин пикиринде, окуучунун мектептеги жашоосу тууралуу толугу менен билүү үчүн ата-эне менен баланын ортосунда ишеним болушу керек.

"Айрым ата-энелерге баланын курсагы ток, кийими бүтүн, күндөгүдөй жакшы баалар болсо жетиштүү. Бирок кызынын же уулунун жашоосунда андан башка дагы нерселер болушу мүмкүн экенин элес алышпайт. Мисалы, классташтары, мугалимдери менен мамилеси, достору арасындагы кадыр-баркы сыяктуу маселелер көп", — дейт Зеленова.

Психологдун пикиринде, эгер бала ачыгын айтпаса, жүрүм-турумун байкоо керек. Мисалы, чоңоюп калган балдар мектептен качып калат. Эртең менен тургусу келбейт, мурда ойноп, сейилдеп жүргөн досторуна жолобойт. Алар тууралуу кеп кылуудан качат.

Баланы китепке кантип кызыктыруу керек. Култаеванын балдар адабияты тууралуу маеги

Ал эми кенже класстын балдары мектепте басмырлоо көрсө, сабакка барарда капысынан эле башы же ичи "ооруп" калат.

Мындай жол менен алар өзүнө жагымсыз жерден качат. Андыктан жогорудагыдай белгилерди байкаган ата-эне тез арада абалды колго алып, баласы менен ачык сүйлөшүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0