БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 151 бейтап айыкса, 161 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Айыккандар:
- Бишкек – 38;
- Чүй облусу – 17;
- Ош облусу – 32;
- Талас облусу – 4;
- Ысык-Көл облусу – 10;
- Жалал-Абад облусу – 19;
- Баткен облусу – 18;
- Ош шаары – 13.
Жуктургандар:
- Бишкек – 29;
- Ош – 13;
- Чүй облусу – 9;
- Ош облусу – 33;
- Талас облусу – 1;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 6;
- Жалал-Абад облусу – 23;
- Баткен облусу – 45.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 251ге жетти. Анын ичинен 42 453ү ооруну жеңди. Тилекке каршы, илдет 1 063 адамдын өмүрүн алган.
Коронавирустун белгилери байкалса кайда кайрыласыз? Министрликтин жообу
Азыркы учурда стационарда 693 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 590 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.
Бир сутка ичинде беш медик коронавирус жуктуруп алган. Алар:
- Бишкек шаары – 3;
- Ош облусу – 1;
- Баткен облусу – 1.
Ошол эле учурда 14 медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.