Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек

© Фото / предоставлено Муратбеком АсановымПредприниматель Муратбек Асанов
Предприниматель Муратбек Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылынын тургуну Муратбек Асанов он жыл мурда үндүк багууга кызыгып, ишкерликтин бул түрүнө билек түрө киришкен.

 Азыр ал жүздөй канаттууну багып, жайлоодогу чарбасын жолго салып, жыл сайын жакшы эле киреше таап келет. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы чарбакер менен маек куруп, үндүк багуунун сырлары тууралуу сүйлөштү.

Жыргалбаев: уйдун сүтүн эки эсе көбөйтө турган силос даярдап жатабыз

— Көп жылдан бери үндүк багып келет экенсиз. Алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар эсиңизде болсо керек?

— Он жылдан бери үндүк багып, өзүмдүн чарбамды иштетип келем. Мурда 150-250 үндүк кармачумун. Быйыл санын көбөйтүп 480ге жеткирдим.  Бир жума мурда мал базарга сатканы алып баргам, тааныштар аркылуу интернетке жарнама берип, бардыгын 1000 сомдон 1500 сомго чейин сатып жибердим. Жакшы багылгандыктан каалоочулар бат эле талап кетти. Кыйынчылыктар боюнча айтсам, алгачкы бир-эки жыл тажрыйба топтогончо  кыйналдым. Тоодо болгон бир окуя  такыр эсимден кетпейт. Жазында жумурткадан чыккан жөжөлөрүмдүн көлөмү тооктон кичине чоң болуп калган. Бир күнү кызымды талаага кайтартканы жөнөтүп жибергем. Бала неме коңшубуздун балдары менен ойноп кетип калыптыр. Бир маалда карасам эле үндүктөр адырга жүгүрүп чыгып, кайра түшүп качып жүрөт. Чуркап барсам, түлкү 90 үндүктү кырып салыптыр! Жырткыч четинен эле тиштеп ыргытып кете берет экен. Кезинде ошондой кыйынчылыктар да баштан өттү. 

— Сиз канаттууларыңызды тоодо багат турбайсызбы. Алардын жакшы өсүшүнө кандай шарт түзүп берүү керек?

— Үндүк багуу үчүн жер кенен болгону жакшы. Үй-бүлөм менен жыл сайын жайлоого чыккандыктан ошол жакта багабыз. Тоого өзүбүздүн саан уйларды, бодо малды да алып чыгабыз. Чоң сарайыбыз бар, жайытыбыз кенен. Ал жактан үндүктөрдү көндүрүп, жумурткаларын сарайда бастыртабыз. Балапанын бир-эки ай жакшы карап, чоңойгондо эрте күздө эле айылга түшүп кетебиз. Үндүктү тоодо баккандын жакшы жагы көп. Курт-кумурска, дары чөптөрдү жеп бат чоңоет. Ал эми андай көп сандагы үндүктү айыл жерине оңой менен батыра албайсың.

© Фото / из личного архива Муратбека АсановаОш облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылынын тургуну Муратбек Асанов он жыл мурда үндүк багууга кызыгып, ишкерликтин бул түрүнө билек түрө киришкен.
Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылынын тургуну Муратбек Асанов он жыл мурда үндүк багууга кызыгып, ишкерликтин бул түрүнө билек түрө киришкен.

— Эл мал бакканы атайын жайлоого көчсө, сиздер үндүк өстүрүп чыгат экенсиз да?

— Ооба, февраль айынын ортосунда эле тоого кетебиз. Анткени үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы ушуну менен болот. Алардын тамак-ашына уйдун сүтүн колдонуп, балапандарды кичинекей кезинде сүт азыктарын берип тыңытабыз. Мисалы, тартылган көк сүттү иритип, уютуп беребиз. Үндүктү тоодо бакканда жем бир топ үнөм болот. Быйыл 500гө жакын үндүккө жөжөлөрү менен 5-6 мүшөк эле жем короттук. Эки айдан аман-эсен өтүп алса эле тамагын талаадан таап жеп, курсагын өз алдынча тойгузуп калат. Таңкы саат алтыда айдап чыгарабыз, салкында оттошот. Андан кийин күн ысыкта көлөкөлөп жатат. Кечке маал бир кайтарып келип камап салабыз. 

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

— Чарбаңыз тоодо болгондуктан ит-куш кол салган учурлар болуп турса керек?

— Ал жагы да бар. Күндүз ээн жерде жайылып жүргөндө, түнкүсүн сарайда камалып турганда түлкүлөр кол салат. Ал үчүн атайын үч-төрт ит багып койгом. Талаада кайтарып жүргөн итти сөзсүз ээрчитип алабыз. Бизде үндүктүн саны көп болгондуктан койдой эле кайтарабыз.

— Эмнеге тоок, каз же өрдөк баккан жоксуңар? Бул жаныбарды багуунун артыкчылыктарын айта кетсеңиз.

— Каз-өрдөк багуу үчүн суу кенен болуш керек. Биздин жайытта суу таңсыктыгы бар. Тоок баксаң көп ооруйт экен. Үндүктү эки айына чейин жакшы карасаң андан ары өзү эле чоңоюп кетет, тамак тандабайт. Башкаларына салыштырмалуу сатканда баасы кымбатыраак болот. Багуусу жарашса, сойсоң кичинекейлери беш-алты килограмм эт берет, эки жаштагы үндүктөн 10-12 килограммга чейин эт аласың. Тоодо жана айылда багылган үндүктүн этинде сөзсүз айырма болот. Анткени жайлоодо курт-кумурскаларды, түрдүү дары чөптөрдү жей тургандыгын жогоруда айтып кетпедимби. Ээн-эркин өсөт. Ага жараша эти, шорпосу да даамдуу болот. Беш айда эле сатыкка жарап калат. 

© Фото / из личного архива Муратбека АсановаМуратбек Асанов: ишкерликтин бул түрү бир үй-бүлөнү кеңири бага алат. Мен деле үндүктүн аркасы менен автоунаа алып, балдарымды чоңойтуп, окутуп-чокутуп, келин алып, кыз берип куда күттүм.
Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Асанов: ишкерликтин бул түрү бир үй-бүлөнү кеңири бага алат. Мен деле үндүктүн аркасы менен автоунаа алып, балдарымды чоңойтуп, окутуп-чокутуп, келин алып, кыз берип куда күттүм.

— Он жылдан бери үндүк багуунун көп сырын өздөштүргөнгө жетишкендирсиз. Алардын айрымдары менен бөлүшө кетсеңиз...

— Март айында чоң үндүктөр жумуртка тууйт, апрелде аларды бастырганга жаткырабыз. Майдын башында жөжө чыга баштайт. Бул канаттуу жумурткасын 28 күн басат, эң көбү 30 күнгө чейин жетет. Инкубатор колдонбой эле 40 үндүккө жумуртка бастырабыз. Энеси басып чыккандын пайдалуу жактары бар. Мисалы, балапандарын коруп карайт, жөжө бат тыңыйт. Тоодо түлкүдөн сырткары канаттуу жырткычтар да кол салат, ошондо энеси аларды калкалап турат. Балдарына алгачкы биринчи, экинчи айында күчтүү тамак бериш керек. Бирок туздуу нерсени, нан, буудайды жолотпоңуз. Анын ордуна жүгөрү, күрүчтү сууга кичине кайнатып, көк сүттү иритип берген оң. Андан тышкары, балапан кезинде үч айга чейин ысыкты жакшы көрөт, андан кийин чоңойгон сайын салкынга качыра баштайт. Суукта көлөмдүү болуп, жакшы эттенет.

Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги

— Эгер элеттик ишкер  тынбай эмгектенип, бир жылда 1000 үндүктү жакшы чоңойтсо, айылда эле бир миллион сомдон ашык акча таба алат экен да?

— Ооба. Ишкерликтин бул түрү бир үй-бүлөнү кеңири бага алат. Мен деле үндүктүн аркасы менен автоунаа алып, балдарымды чоңойтуп, окутуп-чокутуп, келин алып, кыз берип куда күттүм. Кудайга шүгүр, азыр жашоо-турмушум жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0