Вирус күчөп бараткан Баткендин экинчи толкунга даярдыгы кандай

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента Сооронбая Жээнбекова в Баткен
Рабочий визит президента Сооронбая Жээнбекова в Баткен  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку жумада өлкөнүн Баткен жана Ош облустарында ооруга чалдыккандардын саны көбөйгөнү байкалууда. Ошондой эле өкмөт күзүндө вирус кайрадан күч аларын эскертип жатат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Баткендеги эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирустун болжолдуу экинчи толкунуна даярдыктар облустук деңгээлде талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Чынара Саттарова саламаттык сактоо кызматкерлеринин маалыматын угуп, алдыдагы иш пландар тууралуу талкуу жүргүзгөн.

Баткенде санитардык талаптарды аткарбагандарга айып салынды. Арасында 9 мамкызматкер бар

Жыйында 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдериндеги коронавирустун экинчи толкунуна карата Баткен облусунун даярдыгы боюнча төмөнкүдөй маалыматтар айтылган:

  • Дарыгерлер-вирусолог жана лаборанттар окуудан өтүп, медициналык жайлар бейтаптарды кабыл алууга даярдык көрүүдө;
  • Алгачкы этапта сасык тумоого каршы 37 900 доза вакцина керектелсе, анын 9000 дозасы бүгүнкү күндө берилүүдө;
  • Үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 90 орундуу оорукананын штаттык маселелери чечилип, медициналык жабдуулар менен камсыз кылынууда;
  • Ал эми коргонуучу каражаттардын 3 айга жетүүчү запасы камдалды;
  • Обсервация үчүн 2000 орун даярдалды;
  • Жергиликтүү бийлик тарабынан күндүзгү стационар катары 133 мекемеде 1617 керебет даярдалды;

Жыйында Чынара Саттарова ооруканаларга дагы 600гө жакын стационардык орун даярдоону жана облуска компьютердик томография орнотууну тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0