Бишкектен той көрсөңүз кабарлаңыз. Акимдин орун басарларынын номерлери

© AFP / Astrid Stawiarz/Getty Images for NYCWFFКлуб поваров JW Marriott Essex House в Нью-Йорке
Клуб поваров JW Marriott Essex House в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар бийлиги эпидемиологиялык абал начарлаганына байланыштуу бишкектиктерди массалык иш-чараларга барбай турууга чакырат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормалардын бузулгандыгы тууралуу кабарлоо үчүн төрт райондун акимдеринин биринчи орун басарларынын номерлерин жарыялады.

Мэриянын маалымат кызматы шаардыктарды мааракелерге, куран окутууга, той жана башка үй-бүлөлүк салтанаттарга барбай турууга чакырат. Өлкөдө, анын ичинде борбор калаада коронавирус менен ооругандар көбөйүп жатканы эскертилди.

Эгер санитардык талаптар аткарылбай жаткан учурларга күбө болсоңуз тиешелүү жетекчилерге чалып арызданууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аларга соода борборлорунда, гипермаркеттерде, коомдук транспортто бет кап тагынбай жүргөн сыяктуу фактылар боюнча да чалууга болот.

Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

Акимдин биринчи орун басарларынын номерлери:

  • Сатыбек Каныбеков (Биринчи май району) — 0 (772) 66-53-77;
  • Садык Мырзакматов (Свердлов району) — 0 (551) 57-18-23;
  • Кубанычбек Айтакунов (Октябрь району) — 0 (708) 83-82-95;
  • Алтынбек Маматов (Ленин району) — 0 (772) 15-79-76.

Бишкекте пандемия башталгандан бери коронавирус жана пневмония менен ооругандардын саны 17 миңден ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0