04:26 27 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.6364
  • EUR95.2961
  • RUB1.0548
Коом
Кыскача шилтеме алуу
74 0 0

Акыркы беш жылдын ичинде бала бакчалардын саны 36 пайызга өсүп, былтыр 1,6 миңге жеткен. Аларда жалпысынан 208 миң бала тарбияланган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен алганда Кыргызстанда мектеп курагына чейин балдардын 25 пайызы гана бала бакчага барат. Буга андагы орундардын жетишсиздиги себепкер экенин Улуттук статистика комитети жазды.

Белгилүү болгондой, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждык жыл өткөн сайын өсүүдө.

"2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 100 орунга Бишкек шаарында 177, Ош шаарында 161 жана Ысык-Көл облусунда 131 бала туура келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушундай эле көрүнүш Талас жана Нарын облусунда байкалды. Тагыраагы, Таласта 100 орунга балдар 2,2 эсеге, Нарында 1,7 эсеге көп.

Жалал-Абад облусунда быйыл 23 бала бакчаны бүткөрүү пландалууда

Комитеттин маалыматына караганда, акыркы беш жылдын ичинде бала бакчалардын саны 36 пайызга өсүп, былтыр 1,6 миңге жеткен. Аларда жалпысынан 208 миң бала тарбияланган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-6 жаштагы балдардын саны 800 миңдин тегерегинде.

Тема боюнча

Ош шаарында 100 орундуу заманбап бала бакча ачылды. Сүрөттөр
Белгилер:
тартыштык, орун, бала бакча, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ